КСДП кимдер экс-президент менен карым- катнашта экендигин атады. Алардын арасында Кыргызстанга кайтып келген Икрамжан Илмиянов да бар. Мурунку президенттин айланасындагылардын көбү азыр деле Алмазбек Атамбаев менен жакын мамиледе. Бул туурасында КСДП пресс-катчысы Кундуз Жолдубаева Vesti.kg сайтына билдирди. Анын айтымында, Индира Жолдубаевадан башка көп эле адамдар Алмазбек Шаршенович менен мамиле кылышат. Мисалы, Абдил Сегизбаев, Фарид Ниязов жана Икрамжан Илмияновдор азыркыга чейин экс-президент менен мамилесин үзгөн жок. Ал эми анын мурунку пресс-катчысы Алмаз Усенов саясаттан тажагандыгын билдирип, бизнес жаатына кеткен.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ