Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери жалаң акчалуу үлкөн кызматтарды аркалап, иштеп кеткен жеринде былыгы чубалып, миллиарддаган акчалардын жигин билгизбей сиңирип кеткенине карабастан, нечен жылдан бери кылтакка илинбей келген айтылуу Жантөрө Сатыбалдиев камалды. Тергөө бүткөнчө абакта болот. Сатыбалдиев премьер-министр болуп турганда, ТЭЦти модернизациялоо боюнча Кытайдын ТБЕА компаниясы менен түзүлгөн келишимдин башында ту-ган. Желип кеткен 386 миллион доллар насыяга түздөн-түз жоопкер десек жарашат. «Сагызган сактыгынан эмес, суктугунан өлөт» дегендей, буга дейре кандай иш болсун суудан кургак чыгып келген жаны бул жолу тутулду. Эми колу менен жасаганын мойну менен тартууга тийиш. Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүдө дайыны чыкпай калган 6 миллиард сом боюнча да жооп берсин…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ