Menu

Назира Кадыева, ырчы, алып баруучу: “Мен жумушумдан ырахат алам…”

Бөлүшүү:

Адам ар тараптуу болушу керек. Өзгөчө биздин замандын адамдары ар тараптан өнүккөн, бир эле учурда бир нече ишти аркалаган адамдар. Мына ушундай аракетчил инсандардын катарында чыгармачыл чөйрөнүн ийне-жибине чейин билген профессионал алып баруучу, ырчы Назира Кадыева да бар. Назира айым бир канча убакыттан бери “Ачыгын айтканда” аттуу ток шоуну алып барып, бир топ көйгөйлүү маселелерди коомчулукка алып чыгып келет. Жакында эле анын аткаруусундагы ырга күйөрмандары күбө болушту. Аракетчил айымга микрофон узаттык.

– Назира айым, “Ачыгын айтканда” ток шоусу бир топ олуттуу маселелерди талкуулап, кээде курч темаларды талкуулайсыздар. Ток шоуну алып баруу, кырдаалды жөнгө салып туруу адаттагы көрсөтүүлөрдү алып баргандан бир топ оор болсо керек?

– Албетте, ток шоуну алып баруу оор процесс. Мен жумушумдан ырахат алам. Ошол себептен кыйынчылыгына карабай алектенип келем. Кээде сөз менен маселе чечилбегенине, өлкөбүздө мыйзамдар толук кандуу иштебегенине зээним кейисе, кээде берүүдөн соң жакшы жыйынтык болсо бактылуу болом! Баарынан да каарман табуу өтө оор. Ага карабай аракет кылып келебиз. Өзүңүздөр билгендей, чет өлкөдө ток-шоу көп акчага жасалат. Баарынын кызматына акча төлөнөт, каарманга да, экспертине да, бизде өзүбүз эле реалдуу ток-шоу жасайбыз. Кайсы бир учурда каармандар бет капчан чыкса, окуя чындыкпы, актёрлор ойңоп жатабы деп сурашат, айтаарым ар ким эле ачык айтып, проблемасын элге бөлүшкүсү келе бербейт, ошол себептен жашыруун калтырууну суранышат.

– Таңкы НТСтин ишин да жөнгө салуучусуз. Алып баруучуларыңыздардын речи, манера, имиджинин баарына көзөмөл кылсаңыз керек. Деги эле экран алдына чыккан адам кандай сапатка ээ болуусу керек? Сиздерде талап кандай?

– Туура, бир канча убакыт таңкы көрсөтүүләрдүн редактору болдум. Учурда иштин көптүгүнө байланыштуу өткөрүп бергем.

– Ырдап да жатасыз, ырчылыкка өтөйүн деп чечтиңизби? Клип тартуу, элге жеткирүү оор бекен? Репертуарыңызды кеңейтейин деген планыңыз барбы?

– Ырчылык бала кезден алып келе жаткан өнөрүм. Ырчылыкты да, алып баруучулукту да чогуу алып кетем буюрса. Репертуарымда көп ырлар бар, кээде адамдар жакшылыгына чакырып да калышат. Ыр жаздыртып, клиптерди тарттырайын деген пландарым бар.

Маектешкен Нуркыз Рыскүл кызы

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: