Menu

Милициянын шумкары элүүгө карай ат койду

Бөлүшүү:

Бүгүн 22-сентябрда ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Мирлан Каниметов 49 жашка толуп, өмүрүнүн элүүнчү жашына карай ат койду.

Кара Кочкордун кулуну өмүрүнүн бул аралыгынын дээрлик 30 жылга чукул убакытын кыргыз милициясы үчүн арнады. Өзгөчө уюшкан кылмыштуулук, оор кылмыштардын бетин ачууда күндүр-түндүр кирпик какпаган каарманыбыз бет келишкен эки аяктуу “адам сымал” колу кан канкорлор менен жалтанбай ок атышып, өзүнүн карандай эмгеги менен системадан көтөрүлүп отуруп, улам бир ийгиликтерди багынтууда. Тармактагы ич ара боло келчү “ыпыр-сыпыр” интригаларга аралашпастан, иштин кызыкчылыгы үчүн эч моюбай, өлкөбүздүн коомдук, коопсуздугу, айрыкча, уюшкан кылмыштуулукка каршы жан аябай алпурушуп келатканы факт. Албетте, бул жагынан сөз учугу көпкө созулуп кетчүдөн. Аныгында бул жагына кезеги келгенде эл, мезгил жана тарых өзү баа берээр. Биз болгону “оперлердин атасы” атка конгон Каниметовдун бүгүнкү өздүк майрамында азын-оолак куттук кебибизди ыроологубуз келди. Табиятынан туруктуу, өжөр, мырза сапаттарга бай жигиттин гүлүнө куттук кепти арнаштын өзү да сыймык эмей эмне?!

Мирлан Доотанович! 

Сиздин кыргыз элине, кыргыз милициясына кылчу миссияңыз али аягына чыга элек. Формачандар арасындагы бийик кадыр-баркыңыз жана кылмышкерлер менен күрөшүүдөгү жан аябаган зор тажрыйбаңыз келечектеги милициянын жаш курсанттарына, сизден кийинки муундарга үлгү боюнча калаарын бөркүбүздөй көрөбүз. Жаштан-жашка толуп, бар болуңуз келечектин генералы! Жеке майрамыңызда жүрөктөн чыккан каалообуз ушул! Жолуңуз дайым ачык болуп, жашоодо мындан ары да даңкан салып, дем-күчүңүздөн кайтпай, жигитчиликтин жазылбаган эрежелерин эш тутуп жүрө беришиңизге тилектешпиз. Биз сизди мындан ары да бийиктиктерден көргүбүз келет. Дагы бир жолу туулган күнүңүз кут болсун!

Өзүңүздү сыйлаган инилериңиздин атынан Бакыт Байкелов.     

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 81 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: