Menu

Сапар Исаков ЖЕЭК жана КМШ кезектеги жыйынына катышуу үчүн Сочиге келди

Бөлүшүү:

Сапар Исаков бүгүн, 11-октябрда, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкө башчыларынын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясынын Сочи шаарына келди. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Жыйындын жүрүшүндө КМШ жана ЕАЭБ алкагында мамлекеттер аралык кызматташтык маселелери тууралуу талкуу болот.

Сочи эл арадык аэропортунда Өкмөт башчысы Сапар Исаковду РФ Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев тосуп алды.

Расмий делегациянын курамында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов, КМШ уставдык органдарынын алдындагы КР туруктуу өкүлү Кубанычбек Омуралиев, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев, экономика министри Артем Новиков, Премьер-министрдин кеңешчиси Талант Султанов жана Өкмөттүн Аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: