Menu

Жалал-Абадда ички инвестиция көлөмү эки эсе өстү

Бөлүшүү:

Жалал-Абадда шаарды өнүктүрүү долбоорлоруна инвестиция тартуу иши колго алынып, кыйла алга жылуулар бар. Быйылкы жылдын алгачкы беш айында шаарга тартылган инвестициянын ички инвестициянын көлөмү эки эседен ашуун өскөн. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Мисалы, быйыл беш айда тартылган жалпы инвестициянын көлөмү 1 миллиард 156,3 миллион сомго жетти. Өткөн жылдын беш айында анын көлөмү 692,4 миллион сомду түзгөн. Демек, өткөн жылга салыштырмалуу тартылган инвестициянын көлөмү 463,9 миллион сомго көп болуп, өсүү темпи 167 пайызга барабар болду.

Мындагы тышкы инвестицияны тартуу көлөмү өткөн жылдагыдан азайган жок. Мисалы, өткөн жылдын беш айында 266,1 миллион сомдук инвестициялар тартылса, быйыл анын көлөмү 267,1 миллион сомго жетип, 1 миллион сомго ашыгыраак тартылган. Ошентип, өсүү темпи 100,4 пайызды түздү.

Шаарда ички инвестицияларды тартууга көп көңүл бурулууда. Мисалы, быйылкы жылы беш айда тартылган инвестициянын көлөмү 889,2 миллион сомду түзсө, өткөн жылы беш айда анын көлөмү 426,2 миллион сомду түзгөн. Демек, 463 миллион сомго көп тартылып, өсүү темпи 208,6 пайызга тете болду.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: