Menu

Дагы бир кыңыр иштен Сапар Исаковдун кулагы чыкты…

Бөлүшүү:

Башкы прокуратура мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы мыйзам бузуулар боюнча “Госзнак” фирмасы менен Мамлекеттик каттоо кызматына кылмыш ошин козгоду. Анда белгилүү болгондой, 2017-жылы 16-августта Мамкаттоо кызматы жарандык никелерди каттоочу иш кагазды-бланктарды басып чыгаруу боюнча тендер жарыялаган. Бирок катышуучу тараптар чыкпагандыктан тендердин мөөнөтү узартылып, жыйынтыгында “Госзнак” ЖЧКсы 45 млн. 195 миң сом суммага ишти аткармакчы болуп арыз берген. Бирок алардын документтери тендердин техникалык талаптарына шайкеш келбегендиктен катышуудан алынып салынат.

Мамкаттоо кызматы 29-сентябрьда экинчи жолу тендер жарыялап, ага кайра эле “Госзнак” ЖЧКсы 45 млн. сом «Казак Улуттук банкынын Банкноттук фабрикасы”  26 млн. 2 мин. сом, “Учкун” АККсы 17.8 млн. сом коюп катышышат.  Ошону менен 23-октябрда тендердик комиссия арыздарды ачууну белгилешет.  Бирок Мамкаттоо кызматына ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков тарабынан бланктарды даярдоочу катары “Госзнак” ЖЧКсын көрсөткөн буйрук келет.

Жыйынтыгында, 2017-жылдын 28-ноябрында Мамкаттоо кызматы “Госзнак” менен келишим түзүп, тендердеги эң кымбат бааны көрсөткөндүгүнө карабай нике күбөлүктөрүн каттоо бланктарын басып чыгаруу укугун берет. Натыйжада мамлекет ири өлчөмдө зыян тарткан.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: