Menu

Текебаев менен Бабанов күчтүү оппозицияны курайбы?

Бөлүшүү:

Өлкөдө “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин акталышы жана “Республика” партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабановдун өлкөгө кайтып келиши коомчулукта жана саясий эксперттердин арасында кызуу талкууну жаратып жатат. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камакка алынышы менен, азыркы бийликтин саясат талаасында оппоненттери калган жок. Ошондой болгону менен белгилүү бир күчтөр түндүк-түштүк вектору менен абалды копшутууда жана күзүндө бул бөлүнүү ачык эле көрүнө баштайт. Анын үстүнө элдин бийликке карата социалдык-саясий абалга байланышкан нааразылыгы күчөп жатат. Азыркы учурда саясий күрөштөр кайрадан жанданып кетиши мүмкүн экенин боолгогондор да бар. Кыргызстанга кайтып келген Бабановдун суракка алынышы, автоунаасына камак салынуусу, Аскар Акаевдин Кыргызстанга кайтып келүүсү мүмкүн жана буга бийлик каршы эмес деген сыяктуу жүрүп жаткан сөздөрдүн баардыгы – күн тартибин өзгөртүп, эл экономика көйгөйүн эмес, саясатты талкуулап жаткандыгы бийлик үчүн ыңгайлуу экенин айткан саясий эксперт Марс Сариев, Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабанов Алмазбек Атамбаевдей катуу кетпей, конструктивдүү оппозиция болушу керек экенин кошумчалайт. Ошондуктан алардын парламенттик шайлоого катышуусу боюнча бийликтегилер менен кандайдыр бир келишим түзүп алышса керек деген ишеничте саясат таануучу. “Ошентип туруктуулук орномокчу. Бабанов – түндүк, Текебаев – “саясий туткун” катары түндүктөн да, түштүктөн да колдоо табат. Жакында Бабановдун таза экендиги аныкталат, анан ал өзүнүн экономикалык идеяларын баштап, эл өзү анын премьер-министр кызматына же анын кишисин, ошол эле Канат Исаевди сунуштайт. Текебаев бийлик үчүн баш оору болсо да, ал өз алдынча саясатчы, анын өз электораты бар, бирок, ал ба тобокелдикке барбайт. Бул анын акыркы шансы” – дейт Марс Сариев. Бирок, коомчулукта бийликке каршы оппозициянын жоктугу саясий өнүгүүдө чабалдыкка гана алып келээрин айткандар арбын. Алардын пикиринде Текебаев жана Бабанов бийликке каршы күчтүү оппозицияны түзүп чыгуусу туура болот. Кеп, Текебаев акталып, Бабанов сурактан соо чыгабы (?) маселе ошондо.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: