Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) башчысы Арстанбек Муктаров иштен кетти. Буга чейин АРИСтин ишинин натыйжасыздыгы, “Айылдарды инвестициялоо – 3” долбоорунун жетекчиликтин айынан токтоп турушу боюнча маселе көтөрүлүп, ЖКнын “Кыргызстан” фракциясы менен социалдык саясат комитеттери Арстан Муктаровдун жоопкерчилигин кароо чечимдерин чыгарган болчу. Муктаров УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин өкүл уулу экени айтылып келген. Өкүнүчтүүсү «аңгектен качсаң дөңгөккө» дегендей, Муктаровдун ордуна Ноокат районуна аким болуп, кызматындагы кемчиликтер үчүн жергиликтүү калктын нааразычылыгынан улам кызматынан алынган Бекболот Айтиев дайындалды.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ