Кыргызстандын Орусиядагы, Финляндиядагы, Даниядагы, Норвегиядагы, Швециядагы элчилик кызматтарын аркалап келген Болот Отунбаевге дагы бир милдет жүктөлдү. Тактап айтканда, ал Кыргызстандын Армениядагы бирдиктүү элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Отунбаев аталган элчиликтер менен Москвада жайгашкан резиденцияда иш алып барат. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда оз ишин билген мыктылыгын көргөзө алган Отунбаевге эми Сооронбай Жээнбеков дагы ишеним артып отурат. Бул жон жеринен эмес. Өз ишин мыкты билген кадр эч качан жерде калбайт.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ