Menu

Путин чет өлкөлүктөргө жашап туруу укугун берүүнү жөнөкөйлөштүрүүнү тапшырды

Бөлүшүү:

Орусиянын президенти Владимир Путин Ички иштер жана Эмгек министрликтерине орус тилин билген жана Орусиянын аймагында жашоону каалаган чет өлкөлүктөргө, ошондой эле жарандыгы жок адамдарга убактылуу жашоо жана жашап туруу укугун берүү тартиптерин жөнөкөйлөштүрүүнү тапшырды. Мамлекет башчынын тиешелүү тапшырмасы 26-июнда Кремлдин сайтына жарыяланды.

«Ички иштер министрлиги Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги менен биргеликте орус тилин билген жана Орусиянын аймагында жашоону каалаган чет өлкөлүктөргө, ошондой эле жарандыгы жок адамдарга убактылуу жашоо жана жашап туруу укугун берүү тартиптерин жөнөкөйлөштүрүү боюнча тиешелүү чараларды көрсүн», — деп жазылган билдирүүдө.

Анда тапшырма быйыл 31-августка чейин аткарылышы керектиги белгиленген.

Буга чейин өлкөнүн ИИМ башчысынын орун басары Игорь Зубов мекеме Орусия жарандыгын алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүнүн үстүнөн жигердүү иштеп жатканын билдирген. Анда жергиликтүү басылмалар бул биринчи кезекте «Украина аймагынан келген качкындарга» тийиштүү болорун жазышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: