Menu

Кабылбаева Индира, ырчы: “Дил билет” аттуу таятамдын ыры мени элге таанытты

Бөлүшүү:

Жалал-Абад областынын, Аксы районуна караштуу Кара-Жыгач айылында төрөлүп өскөн.

– Индира, “Дил билет” аттуу таятаңдын ыры менен эл алдына чыккансың, бул ыр сен үчүн чыгармачылык ак жолуңду ачты окшойт эл алдында, дагы кандай максаттарың бар?

– Ооба, таятам Салибай Шатмановдун “Дил билет” деген ыры мени элге таанытты десем болот. Даты көптөгөн элдердин жүрөгүнөн түнөк тапкан ырларды ырдап чьпъш, клиптерди тарттырып, элиме талыкпай кызмат кылсам деген тилегим бар.

– Индира, өзүң жөнүндө тааныштырып өтсөң?

– Мен Жалал-Абад областынын Аксы районуна караштуу Кара-Жыгач айылында төрөлүп өскөм, мурдагы Большевик атындагы мектепти аяктагам. Атам Кабылбаев Уланбек, апам Салибаева Замира ушул мектепте өмүр бою мугалим болуп эмгектенип келишет, алты бир тууганбыз. Мектепти аяктагандан кийин, 1995-1998-жылдары Бишкек шаарындагы музыкалык-педагогикалык колледжде окудум. Андан соң И.Арабаев атындагы университеттин музыка бөлүмүн аяктагам. Үй-бүлөм, эки уулубуз бар. Мен кичинекей кезимде эле музыкага шыктуу болуп чоңойдум, мектептен баштап эле ырдап чыккам. Үйдө атам комуз чертчү, эң алгач комузду 6-класста атамдан үйрөнгөм. Ал эми чоң сахнага 1-курсумда филармонияда ырдаганым эсимде.

– Индира, майрамдык кечелерге катышып, концерттерде, тойлордо ырдап элге кызмат кылып келе жатасың?

– Туура айтасыз, мен дагы телеканалдар уюштурган ар кандай майрамдык концерттерде ырдап келе жатам. Элибиз чакырган жерден калбай, элдин жакшылык тойлорунда жар-жар айтып, кыз узатып, юбилейлик тойлордо ырдап жүрөм. Анан албетте, мамлекеттик деңгээлдеги концертгерге да катышканга аракет кылам.

-“Таттыбүбү” тобунда ырдап жүргөнүндү билебиз?

“Таттыбүбү” тобу түзүлгөнүнө өтө көп эмес, эки жылдай убакыт болду. Топто музыкалык билимдери бар эки кыз эмгектенебиз. Бул топту Таттыбүбү Турсунбаеванын агасы Нуркан Турсунбаев агабыз жана жеңебиз Жыпар Турсунбаева түзүшкөн. Топко кошулаар алдында бизде мьшдай улуу ысымга татыктуу болуп чыгып, алып кете алабызбы деген кооптонуу пайда болгон. Бирок “Таттыбүбү” эжекебиздин ысымы бизге кайра чыгармачылык дем-күч берип, стимул болду десем жаңылышпайм. Көбүнчө репертуарыбызда Таттыбүбү эжебизге арналган ырлар жаңырат. Алдыда дагы көп чыгармалардын үстүндө иштейбиз буйруса. Нуркан агайга жана келинчеги Жыпар жеңебизге ыраазычылык билдиребиз, ийгиликтерди каалайбыз!

– Индира, ал эми жеке ырчы катары өзүңө кандай багыттагы ырлар жагат?

– Мен эми комузумду колума альш ырдап жүргөндөн кийин көбүнчө үнүмө ылайыктуу, фольклор жаатындагы ырларга басым жасайм. Комуздун коштоосунда канча убакыт болсо дагы тажабай ырдай берем. Бирок элдин дагы талабын дайыма эске алабыз, эстрадалык багытта жазылган ырларды дагы көп аткарып келем. Менин ырларымдын аранжировкасын Жылдызбек Кадыркулов жана Өктөм Сапар уулу жазып беришет. Азыркы кезде аранжировкасы менен жаздырган ырларым он бешке жакындайт, анын ичинде “Кандай жакшы” “Дил билет” деген эки ырыма клип тарттырганбыз. Заманга жараша азыр ыр жаздырыш үчүн, клип тарттырыш үчүн көптөгөн каражат керектелет. “Ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңет” дегендей, акыры баары эле барып каражат маселесине келип такалат. Жогоруда айтылгандай эки клипти тарттырууга да жакын адамдарым жана досторум колдоо көрсөтүштү. Дагы аракет кылып, каражат топтоп, спонсор таап, көптөгөн мыкты ырларды жаздырыш, клип тарттырып элиме тартуулап, кызмат кылсам деген тилегим бар.

– Индира, азыркы эмгектенип жаткан жериң жөнүндө сөз кылсак?

– Бүгүнкү күндө Бишкектеги Касымаалы Баялинов атындагы китепканада, искусство бөлүмүндө эмгектенип келе жатам. Иштегениме көп жыл болду, китепкананын маданий иш-чараларынын бардыгына талыкпай катышып жүрөм. Республикалык деңгээлдеги өткөрүлгөн майрамдык концерттерге, фестивалдарга, конкурстарга ар дайыма катышам.

– Индира, кыргыз элине каалооң?

– Өзүм эмгектенип келе жаткан ынтымактуу коллективиме жана жалпы кыргыз элиме бакубаттуу жашоону, байгерчиликти, ынтымак-ырашкерликти каалайм! Элибизде ар дайыма жакшылыктар, тойлор боло берсин! Мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүн каалайм!

Анара Абдыкеева

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: