Menu

Премьер-министр: Кыргызстан жана БУУ 26 жылдык кызматташуусунда көп жактуу жана жемиштүү аракеттешүүгө жетишти

Бөлүшүү:

Кыргызстан жана БУУ 26 жылдык кызматташуусунда республиканы социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган көп жактуу жана жемиштүү аракеттешүүгө жетишти. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 28-июнда, БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу система Координатору Озонния Ожиело баштаган делегация менен жолугушууда айтты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев БУУӨП колдоосу менен шайлоочуларды биометрикалык каттоону колдонуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоолор өткөрүлгөнүн эскертти.

«Өткөн шайлоолор эл аралык байкоочулар, ошондой эле дүйнөлүк коомчулук тарабынан кыйла ачык жана айкын катары таанылды. Бул аркылуу шайлоочулардын шайлоо процессине ишенимин бекемдөөгө жана добуш берүүнүн жыйынтыгына калктын нааразычылыгын жоюуга мүмкүн болду. Ошентип, БУУнун институттары менен ишке ашырылган биргелешкен долбоорлор экономикада гана эмес, республиканын демократиялык өнүгүү негиздерин бекемдөөдө дагы маанилүү роль ойноду», – деди ал.

Өкмөт башчы белгилегендей, ошондой эле учурда өлкө Өкмөтү региондорду өнүктүрүү маселесин артыкчылыктуу тартипте карап жатат.

«Чечүүнү талап кылган башкы милдеттер – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын бекемдөө, жер-жерлерде кадрдык жакшыртуу, мамлекеттик органдардын ачыктыгын камсыздоо маселелери болуп саналат», – деп баса көрсөттү Мухаммедкалый Абылгазиев.

Озонния Ожиело өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо боюнча Өкмөттүн күч-аракеттерин колдоого даярдыктарын белгиледи.

«Биз парламенттин жыйынында Президент С.Ш. Жээнбековдун кайрылуусу менен дыкат таанышып чыктык. Мамлекет башчы айтып өткөн бардык милдеттер БУУнун миссиясы менен үндөш экенин айткым келет. Адам укуктарын коргоо, сот тутумун жана укук коргоо органдарын реформалоо, ошондой эле мамлекеттик органдардын ишмердигинин ачыктыгын камсыздоо БУУ тутуму тарабынан кыйла маанилүү багыттар катары каралат», – деди Озонния Ожиело жана биргелешкен долбоорлорду даярдоо үчүн кызыкдар өкүлдөрдүн катышуусунда жумушчу топ түзүүнү сунуштады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: