Menu

Видео – Алматынын четинде бир нече кампа өрттөнүп кетти

Бөлүшүү:

Алматынын жака белиндеги Кайрат кичи районунда бир нече кампа өрттөнүп кетти. Шаардык өзгөчө кырдаалдар департаментинин басма сөз катчысы Салтанат Баймухамбетованын билдиришинче, өрт тууралуу билдируү 28-июнда таңкы саат алтыда келип түшкөн.

Анын айтымында, өрт өчүрүүгө 75 өрт өчүрүүчү, 20 атайын техника жана бир тик учак катышкан.

Салтанат Баймухамбетова агрардык типтеги 13 кампанын тогузу күйүп кеткенин билдирди. Кампалар жайгашкан жалпы аянт 17 миң чарчы метрди түзөт. Азырынча өрт каптаган аянттын көлөмү белгисиз.

Буга чейин өрт бир нече миң чарчы метрге жайылганы кабарланган. Департамент өкүлдөрү кампада эмне сакталганы тууралуу маалыматтар жок экенин билдиришти. Айтымдарында, өрт болгон жерде кампалардын ээлери дагы, жумушчулары дагы байкалган эмес.

Эртең менен социалдык түйүндөрдүн алматылык колдонуучулары шаардын түндүк-чыгышындагы кампалар жайгашкан аймактан коюу түтүн көтөрүлүп жаткандыгы тартылган видеолорду жарыялашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: