Бүгүн, 31-октябрда Ош шаарынын “Төлөйкан” ат майданында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугу өтүүдө. Мелдеште Кыргызстандын бардык облустарынан келген 9 команда катышууда.
Беттештин 1-бөлүгүндө Чүй облусунун улакчылары 6:1 эсеби менен алдыга чыгып, 2-бөлүк 1:2 эсебинде аяктады. 3-бөлүктө Чүй облусунун курамасынын оюнчулары атаандашынын тай казанына дагы 5 улак таштады. Муну менен беттеш 12:3 эсебинде Чүй облусунун жеңиши менен аяктап, чүйлүк улакчылар мелдештин жарым финалына чыкты.
Бул беттеште Чүй облусунун курама командасынан 3 улакты Кубаныч Султан уулу, 2 улактан Фархад Бейшекеев, Бекназар Аматов, Улан Насакеев, Рустам Тыналиев таштаса, 1 улакты Санжар Идирисовташтады. Ал эми, Ош шаарынын курамасынан 1 улактанӨмүрбек Окошов, Нурсултан Шамырза уулу жана Санжар Батырбек уулу таштады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ