Menu

Депутат Сагындык Келдибаев кадыр-баркына шек келтиргени үчүн экс-депутат Ыргал Кадыралиевага 7 млн сом доомат артып, сотко берди

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Сагындык Келдибаевдин Россия Федерациясында жарандыгы бар деп коомчулукка жалган маалымат тараткандыгы үчүн С.Келдибаев Ы.Кадыралиеванын үстүнөн Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна арыз жазып, ар-намыс жана кадыр-баркына шек келтиргени үчүн 7 млн сом талабын канааттандырып берүүнү талап кылды. Бул тууралу  “Республика-Ата Журт” партиясынын катчылыгы билдирди.

Жогорку Кеңештин “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Сагындык Келдибаев парламенттин экс-депутаты Ыргал Кадыралиеванын айыптоосун четке кагып, аны Орусиянын жараны деген маалыматын чагымчылдык деп баалады.

“Мен жүз миңдеген кыргызстандыктар сыяктуу эле Орусияда мигрант болуп иштеп, өз убагында жарандык алып, ак эмгегим аркылуу Кыргызстанда жумуш орундарын камсыздаган ишкермин. Кыргызстандагы шайлоо өнөктүгүнө катышуу алдында мыйзамга ылайык орус жарандыгын тапшырганымды Орусиянын тиешелүү кызматтары тастыктады. Борбордук шайлоо комиссиясы да менин жарандыгым боюнча маселе жок экендигин расмий билдирди. Ыргал Кадыралиева менин үстүмдөн коомчулукка жалган маалымат таратканы үчүн Ленин райондук сотуна арыз жаздым. Ал чагымчылдыгы үчүн сөзсүз жооп бериши керек”, – деди Келдибаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: