Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Ирактан жашы жете элек эки тажик жараны кайтарылганын билдирди. Маалыматка караганда, алар Душанбеге 28-июнда эртең менен алып келинди.
Мекемеден балдардын укуктарына таянып, мекенине кайтарылган жарандар тууралуу маалымат берүүдөн баш тартышты.
Буга чейин өкмөттөгү өз булактар Багдад соту жакында эле көз жарган жашы жете элек тажик жаранын мекенине кайтарууга макул болгонун билдирген. Анда сот отурмуна тажик дипломаттары катышып, ал баласы менен Душанбеге 28-июнда келе турганы кабарланган. Апрелде Ирактан анын бир туугандары алып келинип, өзү кош бойлуу болгондуктан, учакка отурууга уруксат берилген эмес.
Ал ортодо тажик ТИМи Иракта тажикстандык дагы он жетим баланын тек-жайы аныкталганын кабарлады. Мекеменин маалыматы боюнча бул өлкөдө ата-энеси согушта каза болгон жалпысынан 20-25 тажик бала бар.
Жакында Ирак соту «Ислам мамлкети» менен кызматташкан жана уюмга мүчө болгон деп айыпталып жаткан Тажикстандын 13 жаранына (12 аял жана 1 эркек) карата чечим чыгарышы керек.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ