Menu

Депутат Искендер Матраимовдун “Азаттыкта” берилген материал боюнча түшүндүрмөсү

Бөлүшүү:

Кымбаттуу жарандар, бүткүл жума ичи биз иликтөөнүн автору тарабынан айтылган бардык маалыматтарды изилдедик да, ар бир пункт боюнча жооп даярдадык. “Азаттык” радиосу көрмөматериал даярдаган, анда Матраимовдордун үй-бүлөсүн Кыргызстандан $700 млн. чыгарып кетүүгө эч кандай далилдерсиз эле айыптаган. Менин иним Руслан Матраимовду, карындашым Чынара Матраимованы тастыкталбаган маалыматтарга жана анонимдүү булактарга таянышып, алар жасабаган иштер үчүн айыпташкан.

Мен «Азаттык» радиосун тереӊ урматтайм, анткени аны кыргыз журналистикасына гана эмес, өлкөдөгү коомдук-саясий турмушка да тон берген олуттуу басылма катары көптөр баалашат. Алар дайыма чындыкты издөөгө милдеттүү жана ушуну жасоого аракеттенишет. Бирок, бул иликтөөдө алар абдан көп так эместиктерге жана ашыра чоӊойтууларга жол беришкен. Мен бардыгы ката кетире тургандыктарын түшүнөм. Бирок анонимдүү булактардан тастыкталбаган маалыматтарды чогултууну иликтөө деп атоого болбойт. Материалда менин дээрлик бардык бир туугандарыма карата биздин ысымыбызды булгаган айыптоолор бар.

Биз кайсы бир Айэркин Саймаити жана Вуфули Бумаилиамуну кимдер болуп саналарын айкындоого аракеттендик. Биздин маалыматтарыбыз боюнча, Саймаити кыргыз базарларында товарларды импорттоочу же экспорттоочу коммерсанттардын арасында жетишерлик белгилүү адам. Ал базарларда иштеген бизнесмендер үчүн акчалай транзакцияларды жөнөкөйлөштүрүү үчүн өзүнүн ортомчулук кызматтарын көрсөтөт – алардан акчаларды чогултат жана аларды дайындалган орундарына каалаган өлкөлөргө, ким менен жүгүртүүсү бар болсо ошолорго транштар менен жөнөтөт же алардын өнөктөшүнө жөнөтүүнү өтүнөт. Саймаити өӊдүү ортомчулар мындай базарларда аз эмес. Накталай акчалардын ашыкча массасы бар ар бир базарда накталай эмес эсептешүү же акчаларды трансферлөө кызматтарына суроо-талап өсүп баратат.

Матраимовдордун Саймаити менен да, Бумаилиамуну менен да эч кандай байланыштары же алака-катнаштары жок. Буга ылайык, «Азаттыктын» маалыматтары боюнча чет өлкөгө которулган $ 250 млн. долларга да биздин эч кандай тиешебиз жок. Анан да, мен журналисттерди өздөрүнүн ырастоолорунда кыйла тагыраак болууга чакырууну каалайм. Иликтөөнүн автору Али Токтакунов «Бешинчи каналдын» берүүсүнүн эфиринде которулган $700 миллион долларга же $250 миллион долларга биздин тиешебиз бардыгын эске албаганын түшүндүрдү. Чындап эле, алардын материалында ошол акчалардын бизге таандыктыгы жөнүндө да, акчалардын кылмыштуу жол менен табылганы жөнүндө да эч кандай жүйөлөр келтирилген эмес. Бирок, коом азыр дүүлүгүп алды жана журналист өзүнүн материалында бар болгону боолгологон нерсенин баарына ишенет.

«Ысмайил ата» атындагы фондуга келип түшкөн бардык каражаттарды текшерип чыгып, биз кайсы бир Вуфули Бумаилиамунудан «Азаттык» жар салгандай  дегеле $2,3 млн. доллар эмес, $200 миӊ долларга чукул өлчөмдөгү сумма келип түшкөнүн билдиребиз. Бирок, Бумаилиамуну бул акчалардын ээси болуп саналбайт. Бул акчалай каражаттарды кайыр-садака кылган адам бизге, алар сумманы фондго ортомчулук кызмат көрсөтүүлөр аркылуу которушканын кабарлады. Атап айтканда, ким акчаларды кайыр-садака кылганын угузуу үчүн, биз аларды жөнөткөн адамдын макулдугун алуубуз керек. Бизди каралоону токтотуу максатында, мен андан чукул арада ал өзү эл алдында ал каражаттарды кандай муктаждыктарга кайыр-садака кылганын тастыктоосун сурандым.

Биздин атабыздын атындагы фондго саламаттыкты сактоо боюнча демилгелерибизди колдоого алышкан ар түрдүү жарандардан акча каражаттары келип түшөт. Фонд сергек жашоо мүнөзүн жайылтат жана көптөгөн турнирлерди өткөрөт. Мындан тышкары, билим берүү мүнөзүндөгү долбоорлорду колдойбуз жана стипендияга муктаж болгон студенттердин өтүнмөлөрүн канааттандырабыз.

Менин, менин аялымдын “АКА Петролиумдун” ээлери менен эч кандай алакаларыбыз жок. Ал 2017-жылдан баштап “Автостолица” компаниясынын жарымына гана ээлик кылат. Бул маалыматтар салык декларациясындагы «Акциялар» бөлүмүндө чагылтылган. Компаниянын башка жарымы Канат Маматовго таандык, ал менин жубайыма бизнес боюнча анын өнөктөшү болууну сунуш кылган. Аялым “АКА Петролиумдун” уюштуруучулары менен абсолюттук түрдө тааныш эмес. Менин жубайым 1995-жылдан бери бизнес менен алектенет. Андан тышкары, биздин эже-карындаштарыбыз жана кичүү инибиз Руслан Матраимов да бизнес менен алектенет. Мындан сырткары, Руслан “Ысмаил Ата” фондунун ишмердүүлүгү менен алектенет. Кандайдыр бир анонимдүү булактардын айыптоолору турмуш чындыгына шайкеш келбейт. Чынара жана Руслан Матраимовдор бажыкана иштерине азыр дагы кийлигишпейт, Раимбек Матраимов МБКда иштеп турган мезгилде дагы кийлигишкен эмес.

Ошто турак-жай комплекси курулуп жаткан жер тилкеси бизге таандык. Менин бир туугандарым “Ихлас” компаниясы менен үлүштүк курулушка катышуу чечимин кабыл алышкан. Компания акча каражаттарын өзү тартат жана комплексти куруп жатат. Бул курулуш компаниясына биздин тиешебиз жок.

Мен коомчулукту бардык жоромолдорду дыкат талдоого чакырамын. Ири ЖМК тарабынан Матраимовдордун фамилиясын биздин ал акчаларга тиешебиз барлыгы тууралуу эч кандай далилдерге ээ болбой туруп, кандайдыр бир жүздөгөн миллиондорго ушундай түрдө байлоо туура эмес болуп калды. Мен эч качан журналисттерден качкан эмесмин жана биздин каражаттарыбыз кайдан келип чыкканын түшүндүүүгө дайыма даярмын.

2017-жылы эле, мен «Азаттыкка» интервью бергемин жана менин үй-бүлөм бизнес менен алектенерин, эгерде менин айрым бир туугандарым мамлекеттик кызматта элге кызмат өтөшсө, башкалары жумушчу орундарды түзүү менен кызмат кылышарын айткамын. Биздин үй-бүлөбүздүн кандайдыр бир капиталы бар, аны биз көптөгөн жылдар бою чогултканбыз. Биздин атабыз Ысмаил Кара-Суу районунда мал чарбачылыгы менен эмгектенген. Ошонун негизинде биз 25 жылдын ичинде бир нече бизнес түзүүгө жетишкенбиз. «Азаттык» менин иним Раимдин Оштогу үйүн көрсөттү. Ал бул үйдү катардагы инспектор кезинде 2003-жылы сатып алган. Ошондон бери ал өзүнө эки кабаттуу үй курду, ал Оштогу ушул өӊдүү миӊдеген үйлөрдүн бири болуп саналат.

Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн айланасындагы кырдаал, бүгүн, жалаӊ саясий мүнөзгө ээ болду. Мунун баары экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айтуусунан башталды. Анын жардамы менен бүткүл үй-бүлөбүздү каралоого активдүү аракеттенип жатышат. Биздин үй-бүлөбүздүн бардык мүчөлөрүн укук коргоо органдары дайыма текшерип жатышат, ал эми ЖМКры биз менен байланышкан бардык окуяларды дайыма терс боёкто чагылтышууда. Бирок, эч ким мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Раимбек Матраимовго эмне үчүн кылмыш ишин козгогон эмес деген суроону өздөрүнө бере элек? Эгерде менин иним кылмыштуу бир нерсеге аралашкан болсо, эмне үчүн Исаков да, Атамбаев да анын ишинен эч кандай мыйзамсыз нерсе табышкан эмес? Эгерде Исаков бажыкананын башчысынын мурдагы орун басары мыйзамды бузган деп эсептесе, ал аны бошотууга эмес, жоопкерчиликке тартууга тийиш болчу. Мен азыркы президентибиз Сооронбай Жээнбеков менин инимдин мүлкүн объективдүү жана ар тараптуу изилдөө үчүн бардык шарттарды түзүп берерине жана азыркы саясий жагдай укук коргоо органдарынын чечим кабыл алуусуна таасир кылбай турганына абдан үмүттөнөм.

Искендер Матраимов,

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: