Menu

Кайып Шер, Апрель революциясынын баатыры: “Атамбаев кыргыздын чекесине чыккан чыйкан болду”

Бөлүшүү:

—Бул Атамбаев деген неме кыргыздын чекесине чыккан чыйкан бодду. Муну бийликке жеткириш үчүн канча бала шейит кетти. Ошол күнү, 7-апрелде түрмөдөн чыгары менен элдин арасында болбостон качып барып душка түшүп, конок тоскон. Муну убактылуу өкмөттүн бир топ мүчөлөрү айтып жүрүшпөйбү. Илгери кыргыздар жоо келип, эрлер окко учкан маалда үйүндө жуунган эмес. Муну угарыбыз менен биз ошондо түңүлгөнбүз. Андан кийин эт чаап жүргөн Икрамды Баткенден алып келип кызмат берип, коррупцияны күчөттү. Ошол дөөпай, мурдунун учунан алысты көралбаган неме бүт баарын былгытып, кадр саясатына чейин жүргүзбөдүбү. С.Исаков, Б.Сүйүнбаев, Д.Мусакеев өңдүү тажрыйбасыз балдарды чогултуп алып коррупциялык иштерди жасады, өлкөнү миллиарддаган карызга батырды. Акырында аларды садага чаап салып, басып кетти. Бул адамдык сапатка да, салтка да, шариятка да жатпайт. Жеке өзүнүн байышы үчүн далай балдарды курмандыкка чалып, өлкөнү тоноп, кыргызды Кытайга карыз кылып коюп чалкалап жатат. Буга кантип чыдашыбыз керек?!

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: