Индиянын Кабулдагы элчилиги Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясында индустар менен сикхтерге жасалган кол салууну айыптады.
Элчилик өз билдирүүсүндө кеминде 20 адамдын өмүрүн алган 1-июлдагы кол салуу «эл аралык терроризмге каршы глобалдык күрөш жүргүзүү зарылдыгын» көрсөткөнүн белгиледи.
Ооганстандын расмий бийлик адамдарынын айтымдарында, жанкечти индустар менен сикхтерге алар президент Ашраф Гани менен жолугушуу үчүн баратканда кол салган. Мамлекет башчы 1-июлда Нангархар провинциясынын административдик борбору эсептелген Жалалабад шаарына эки күндүк иш сапары менен барган.
Аймактык дарыгерлер кол салуудан 20 киши жаракат алганын, алардын 17си индустар менен сикхтер экенин билдиришти.
Индиянын Ооганстандагы дипломаттары кол салуудан күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого талапкерлигин коюуну көздөп жүргөн сикхтер коомчулугунун лидери Автар Сингх Халса каза болгонун ырасташты.
Нангархардагы кол салуу үчүн акыркы кездери аймакта активдүүлүгүн көрсөтүп жаткан «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу жоопкерчилик алды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ