Menu

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакуновага оңтойсуз суроолор…

Бөлүшүү:

– Таалайгүл Базаркуловна, сиз министр болуп келгени 2 жылдан ашты. Бул аралыкта бар же жок экениңиз билинген жок. Деги ордуңузда эле иштеп жатасызбы? Иштеп жатсаңыз эмненин үстүнөн чыгып, кандай реформаларды ишке ашырып жатасыз? Кат-кабарыңыз угулбайт, чээнге кирип алып иштеп жаткан жоксузбу? Министрликти ушакчылардын ордосуна айлантып жиберди деген сөздөрдү кулагыңыз чалдыбы? Чалса ардандыңызбы же уга берип бышы кулак болуп бүттүңүзбү? Депутаттык мандатты министрлик креслого алмашып баргандан эмне таптыңыз? Эл үчүн ич жылыткан иш жасай алдыңызбы? Үн катып, коомго бир жарк этпейсизби? Жасаган ишиңиз болбосо да, үнүңүздү эшиткендер «эт жебесе да шорпо ичкендей» болуп кубаттанып калышсын. Шайлоодо жаңы төрөлгөн балдарга 50 миң сомдон сүйүнчү акча беребиз деген убадаңар суу кечпей калдыбы? Ишке ашпаган убада берип жатканда, кийин элдин жүзүн кантип карайбыз деген ой келди беле? Эми болсо министр болуп отурасыз, качан жаңы төрөлгөн наристелерге 50 миң сом берип баштайсыңар? Мурда колунда жоктор 3-4 миң сом пособия алышса, андан дагы кур-жалак калтырып, бай-кедей дебей 500-700 сом ала турган кылып койдуңуз. Ошондо жардынын жармасын байдын балдарына тартып бердиңизби? Элге кылган жакшылыгыңыз ушул болдубу? Өзүңүздү министр болуп отурганга татыктуумун деп ойлойсузбу?

Булак: “Фабула” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: