Menu

Жаңы жылга карата Өзбекстан мектептеринде 24 сааттык нөөмөттөр уюштурулду

Бөлүшүү:

Жаңы жылдык майрамдарда коопсуздукту камсыздоо максатында Өзбекстандын мектептеринде 10-декабрдан 15-январга чейин 24 сааттык нөөмөттөр уюштурулду.

Маалыматка караганда, нөөмөткө күндүз аял мугалимдер, түнкүсүн эркек мугалимдер чыгууда.

– Мага белгилүү болгондой, азыр бардык мектептерде ушундай. Биз нөөмөткө 10-декабрдан тарта чыга баштадык. Эркектер кечки сегизден эртең мененки сегизге чейин нөөмөттөбүз. Күндүзгү эки нөөмөт алты сааттан, аларга аял мугалимдер гана чыгат», — деди Жизак облусундагы мугалимдердин бири.

Облустагы башка мугалимдер дагы мектеп жетекчилери аларга басым жасап, нөөмөткө чыгууга мажбурлап жатышканын билдиришүүдө.

«Зангиата районунда мугалимдердин нөөмөткө чыгуусун райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси өзү текшерип жатат. Кечкисин кароолчу, от жагуучу жана эки мугалим чыгат. Нөөмөткө чыкпагандарга сөгүш жарыяланып, айлыгы толук берилбей, жумуштан айдалышы мүмкүндүгүн айтышты», — деди жергиликтүү мугалимдердин бири.

Жизак райондук билим берүү башкармалыгынын кызматкери мектептерде үч сменде нөөмөт уюштурулганын ырастап, бул министрликтин буйругу экенин айтты.

Бирок өлкөнүн Элдик билим берүү министрлигинен аларда мектептердеги нөөмөттөр боюнча маалымат жок экенин билдиришти.

– Министрлик мектептерге эч кандай буйрук же тапшырма берген эмес. Эгер мугалимдерди мажбурлап жатышса, анда бизге кайрылышсын. Министрлик мажбурлап иштетүү жана акча чогултуу учурларын иликтөө үчүн атайын коллегия түзгөн. Эгер мугалимдерден даттануу болсо сөзсүз текшеребиз», — деди мекеменин басма сөз кызматкери.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: