Menu

Жогорку сот “бийликти басып алууга” айыпталган саясатчылардын жаза мөөнөтүн азайтты

Бөлүшүү:

Жогорку сот “бийликти басып алууга аракеттенди” деп соттолгон Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун, Эрнест Карыбековдунжана коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун иши боюнча өкүм чыгарды.

Саясатчылардын арызын караган Жогорку соттун коллегиясы саясатчыларды күнөөлүү деп таап, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду 8 жылга, Эрнест Карыбековду 14 жылга эркинен ажыратуу жөнүндө чечим чыгарды. Буга чейин шаардык сот Асанов менен Кадыровду 12 жылга, ал эми Карыбековду 20 жылга кескен.

Бул саясатчылар менен бирге айыпталган мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу эркинен ажыратуу боюнча буга чейинки чечим өзгөртүүсүз калды. Сот жараяны жабык өттү.

Бектур Асановдун адвокаты Акин Токталиев мындай чечимге нааразы экенин белгилеп, Жогорку сот адвокаттар келтирген далилдерди эске албаганын билдирди.

Аталган төрт саясатчы 2016-жылдын мартында “бийликти басып алууга аракеттенген” деген айып менен кармалган. Соттолгондор өздөрүн күнөөсүз, ал эми кылмыш ишин саясий буюртма деп эсептеп, жогорку инстанцияга кайрылышкан.

Өткөн аптада коомдук ишмер Дастан Сарыгулов башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылып, кылмыш ишин кайрадан карап чыгып, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: