Menu

“Кызматтан кетсин!” дегендерге Рита Карасартова кандай жооп айтты?

Бөлүшүү:

Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору Рита Карасартова бүгүн, 4-декабрда эки сын укту. Биринчиси депутат Е.Строкова, ал Карасартованы эртең менен сессияда сындаса, түштөн кийин “Элет көйгөйү” коомунун мүчөлөрү журналисттерге жыйын өткөргөн.

Аталган коомдун жетекчиси Марипа Алыйкулова аны “чет өлкөнүн агенти” деп, анын кызматтан кетишин бийликтен талап кылаарын айткан. Ага Рита Карасартова дароо жооп кайтарды. Анын айтымында, кызматтан кетүүгө негиз жок. “Марипа Алыйкулова мени күнөөлөдү деп эле кызматтан кетип калмак белем. Кызматтан качан гана бир себеп болгондо кетем, ага негиз жок. Мени эки, үч ай талкуулашса, ошончолук бекер реклама болот»,-дейт Р.Карасартова.

Эске сала кетсек, кечээ, 3-декабрда Рита Карасартова Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалган. Ал кызматка кандайча, эмне болуп барып калганын бүгүн, 4-декабрда түшүндүргөн. Аны менен катар бүгүн ЖК депутаты Евгения Строкова парламентте Рита Карасартованын кызматка барганына нааразычылыгын билдирип, аны «бүлдүргүч, бузуку» деп атап, буйрукка кол койгон премьер-министр М.Абылгазиевди да сындаган. Е.Строковага жоопту Р.Карасартова дароо эле берген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: