Menu

Кыргызстандын түрмөсүндө жаткан индус мекенине которууну суранып келет

Бөлүшүү:

№8 түрмөдө жаткан Индиянын жараны мекенине котоорууну суранып келе жатканы жөнүндө 5-декабрда “Сот системасындагы адам укугу” аталышындагы форумда айтылды.

Ал бул тууралуу №8 түрмөгө барган укук коргоочулардан суранган. С.С. аттуу индуска Кыргызстанда издөө жарыяланып, Ташкенттен кармалып, Өзбекстандын абагында 1 жыл жаткан. Анан Кыргызстанга которулган экен.

Ош шаардык сотунун өкүмү менен ал 7 жылга эркинен ажыратылган. Калган мөөнөтүн Индияда өткөргүсү келет экен.

Бирок ал Индияга которуу боюнча арыз жаза албастыгын, анткени Кыргызстан менен Индиянын ортосунда соттолгондорду которуу келишими жок экенин түшүндүрүшкөн.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 19 = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: