Menu

ИИМ: Мыйзамсыз сакталган курал менен Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды

Бөлүшүү:

Куралдарды октору менен мыйзамсыз жүгүртүү кылмышын алдын алуу максатында элдин арасында ыкчам түшүндүрүү иш-чарасы жүргүзүлүп жатат. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул иш-чаранын жыйынтыгында Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициянын аймактык ыйгарым өкүлүнө Бишкек шаарынын тургуну үйүнүн жанынан таап алган “Кобра” үлгүсүңдөгү (револьвер) октору жок тапанчасын өз ыктыяры менен тапшырган.

Ал эми Жалал –Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Базар-Коргон районунда Көсө-Терек айылынын тургуну К.Д.нын үйүнөн каттоодо жок мыйзамсыз сактап жүргөн “Сайга” үлгүсүндөгү 7,62-калибрлүү сайлуу ок атуучу куралы алынган. Алынган куралга экспертиза дайындалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 241-беренесинин негизинде (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 21 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: