Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Владимир Андрейченкону Беларусь Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.
Куттуктоо телеграммасында мындай деп айтылат:
“Сизди жана бардык Улуттук Жыйындын Өкүлдөр палатасынын депутаттарын мамлекеттик майрамыңыздар – Беларусь Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Бүгүнкү күндө Беларусь өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө жагымдуу таасир берген саясий жигердүүлүктүн жана экономикалык өсүп-өнүгүүнүн жогорку деңгээлин көрсөтүүдө.
Кыргызстан Беларусь менен болгон өз ара мамилени баалайт жана эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү менен бекемдөөгө багытталган аракетти толук колдойт.
Муну менен катар парламенттер аралык байланыштарыбыз кыргыз-беларус калкынын байланыштарын өнүктүрүүдө жана тереңдетүүдө негизги мааниге ээ деген ишеничтемин.
Ушул жагымдуу учурдан пайдаланып Сизге бекем ден-соолук, бакыт жана жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө зор ийгиликтерди каалайм!
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ