Menu

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы Мамлекеттик кадр кызматынын карамагына өттү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, мамлекеттик органдардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык потенциалын мындан ары карай өркүндөтүү, ошондой эле квалификациялуу кадрларга болгон реалдуу керектөөлөрдү эске алуу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу процессине практикалык багыт берүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын Мамлекеттик кадр кызматынын карамагына өткөрүү чечими кабыл алынды.

Мамлекеттик кадр кызматы Мамлекеттик башкаруу академиясы менен бирдикте он беш жумушчу күндүн ичинде КР Президентинин Аппаратынын кароосуна ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизет.

Мурда Мамлекет башчысы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын, анын ичинде региондордогу жетекчилердин да — айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын, райондук мамлекеттик администрациялардын акимдеринин жана алардын орун басарларынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти күчөтүү милдетин койгон.

Бириктирүүнүн натыйжасында Мамлекеттик башкаруу академиясы мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын потенциалын жогорулатуу планын бирдиктүү аткаруучу болуп калат. Интеграция учурунда жаңы маалымат технологияларын пайдалануу менен кызматчыларды окутуу системасын мындан ары карай өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: