Menu

Азербайжан президенти: Тоолуу Карабакта 40 калктуу конушту кайтарып алдык

Бөлүшүү:

Ильхам Алиев

Азербайжан аскерлери сентябрдын аягынан бери Тоолуу Карабакта 40 калктуу конушту кайтарып алды. Бул тууралуу Азербайжан президенти Ильхам Алиев түркиялык NTV каналына билдирди.

Алиев армян-азербайжан жаңжалын саясий жактан жөнгө салууну Түркия тездете алмак деп эсептейт. Бирок Баку менен Анкара Азербайжан аймагында түрк аскер базасын жайгаштыруу маселесин эч качан караган эмес. France 24 телеканалы менен болгон маекте Алиев аскердик жаңжалга Түркия катышпаганын баса белгиледи.

Өз кезегинде Тоолуу Карабактын өкүлдөрү азери куралдуу күчтөрү Степанакерт аймагынын борборун кайрадан ракеталык соккуга алганын билдирүүдө. Өзүн республика жарыялап алган аймактын бийлиги Азерайжандын жарандык объектилерине чабуул жасалып жатканы тууралуу маалыматтарды четке кагууда.

Баку менен Ереван Тоолуу Карабак аймагы үчүн 1980-жылдын аягынан бери касташып келет. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: