Menu

Тажикстандын түштүгүндө өз жанын кыйган өспүрүмдөр көбөйүүдө

Бөлүшүү:

Тажикстандын Хатлон облусунда жашы жете электердин арасында өз өмүрүнө кол салгандар көбөйүүдө. Быйыл жарым жылдын ичинде 11 өспүрүм суицидге барган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу үч эсеге көп.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, өз жанын кыйгандардын көбү 15-17 жаштагы кыздар.

Хатлон облустук элдик билим берүү бөлүмүнүн кызматкери Сафар Давлаттын айтымында, көпчүлүк учурларда өспүрүмдөрдүн эмне себептен өз өмүрүнө кол салгандыгы белгисиз бойдон калат. «Айрым өспүрүмдөр ата-энеси менен урушуп кеткенден кийин суицидге барышкан. Бирок көпчүлүгүнүн себептери белгисиз. Мисалы, Дусти районунда мугалимдин кызы өз жанын кыйган. Анын мындай кадамга барышына эч кандай себеп болгон эмес», — деди ал.

БУУнун (БУУ) Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн адистери жарыялаган 2018-жылдагы иликтөөдө өспүрүмдөр арасындагы суицидге негизинен жоопсуз сүйүү, ата-энелери, курдаштары менен болгон жаңжалдар жана жалгыздык себеп болору белгиленген.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2019-жылы Тажикстанда 632 адам өз өмүрүнө кол салса, алардын 104ү эрезеге жете электер, 170и 18-25 курактагы жаштар болгон.

Быйыл апрелде тажик өкмөтү өлкөдөгү суицид учурларынын алдын алуу боюнча атайын программа кабыл алынганын, ал 2023-жылга чейин ишке ашырыларын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: