Menu

Видео – Садык Шер-Нияз президенттикке ат салыша турганын жарыялады

Бөлүшүү:

Садык Шер-Нияз президенттик шайлоодо ат салышат. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-ноябрда Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу видеокайрылуу жасап, билдирди.

“Бүгүн мен президенттикке ат салышууну чечтим. Мүмкүн менде деле сыртта карап тура берсем болот беле? Бирок, кыргыз кыргыз болгону, ата-бабалардан бери колдонуп, ийри отуруп түз чечип келе жаткан парламентаризм багытын жоготууга каршымын жана аны коргоймун деген чечимге келдим. Ойлонуп көрсөм, мен деле 50нүн кырынан ашыптырмын. Өмүр жолумда кыргыз, кыргыз тили, кыргыз өнөрү, кыргыздын намысы деп жашап келиптирмин. Мындан кийин деле ушул жашоону улантам. Ансыз да өмүрүмдүн көбү бүтүп, аз каган чыгар… Бирок ошол өмүрдө кыргызга дагы бир ирет кызмат кылып кетсем деген ой-максатым бар” – деди ал. 

Ал досторуна жана санаалаштарына кайрылып, өлкө кыйын абалда турганда биригүүгө чакырды.

“Идея үчүн, сатпаган жана сатылбагандар биригели. Болбосо баягылар эле кайра топтолуп алышып “биз добуш алып беребиз”, “боло турган президент сенсиң” деп талапкерлерди аңга сүйрөп баратышат” – деп кошумчалады ал.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: