“Азатлыктын” түркмөн радиосу түркмөн-ооган чек арасындагы атышууда 25тей түркмөн жоокеринин өлгөнүн маалымдады. Түркмөнстандын өкмөттүк басылмалары бул кабарды четке каккан билдирүүлөрдү таратышты.
“Азатлыктын” түркмөн кызматынын билдиришинче, үч жума мурун Ооганстандын Бадгис провинциясы менен Түркмөнстандын Мары облусунун чек ара тилкесиндеги ок атышуудан 25 түркмөн жоокери мерт болгон. Маркумдардын сөөгү металлдан жасалган табытка салынып, туугандарына берилген. Өлгөн жоокерлердин аты-жөндөрү белгилүү, бирок редакция коопсуздук үчүн алардын ысымдарын жарыялаган жок.
Маалыматтарга караганда, маңзат аткезчилигине шектелген куралдуу кишилер түркмөн аскерлерине ок чыгарган. Атышуу 6 саатка созулган. Маңзат соодагерлери ондогон жоокерлерди жарадар кылып, 25ке жакынын өлтүрүшкөн. Түркмөнстандын Коопсуздук кызматы маркумдардын жакындарына “окуя тууралуу ооз ачпоону” эскерткен.
Түркмөн-ооган чек арасындагы ок атышуу тууралуу эки тарап тең расмий билдирүү тараткан жок.
“Азатлыктын” түркмөн кызматы жарыялаган материалдан кийин өкмөттүк Turkmenportal маалымат агенттиги бул окуяны четке каккан билдирүү жарыялады.
Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ