Menu

Бийликке көө сыйпаган Исхак Пирматов

Бөлүшүү:

Башкы прокурор болуп турганда Аида Салянова ЖК депутаты Исхак Пирматовго «Кыргызнефтегаздагы» коррупциялык ишмердиги боюнча кылмыш ишин козгоп, камакка аларда Икрам Илмияновдун калкалоосу менен аман калганы жалганбы? Ортодон тилектеш депутаттары да чуркап, акчаларын чачуу менен көз көрсөтүшкөнүчү?

Учурда интернет айдыңында Пирматовдун 258 миллион сом мамлекеттен «жеп алганы» боюнча талкуу жүрүп атканычы? Албетте, бул чет жакасы эле. Ошол эле темир жол бекетинин жанындагы мурдагы «Ала-Тоо» мейманканасынын ордуна көп кабаттуу үйлөр курулуп атканы, Икрамдын амири менен Пирматов шылуундук таризде ээлегени ачыкталабы? Сооронбай Шарипович коррупционерлерге аёосуз күрөш баштаганы, ошого катар бул өңүттөгү жабылып калган иштер кайра көтөрүлөрүн эске алсак, а неге Пирматовдун көз боёмосу көңүлдөн сырт калып келет? Же өткөн президенттик шайлоодо Сокеге добуш алуу үчүн чуркамыш эткени көз жаздымда калып атабы? Эгерде мындай маскарапоздук болсо, анда эл кечиреби?! Себеби, Жээнбеков уурулар үчүн жакын адамына да карабай турганын жар салган. Натыйжада, Исхак акчанын күчү менен бийликтегилерди да сатып алып, бүтүндөй мамлекетке көө сыйпаганга жетиштиби? Ал соңку убакта дүнүйө-мүлктөрүн сата баштаганы эмнени каңкуулайт? Же Аскарбек Шадиевдей муну да качырышканы калыштыбы?..

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: