Menu

Айтмамат борборго келди

Бөлүшүү:

Айтмамат Кадырбаев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалып, Ош шаарынын мэрлик кызматын тапшырып берди. Кадырбаев 2014-жылы түштүк борборго мэр болуп шайланса, төрт жыл аралыгында Ош шаары үчүн кыйла жумушту аткарганга жетишти. Айтмамат башкарган Ош шаарын мурунку Ош шаары менен салыштырып кароого мүмкүн болбой турганын шаар тургундары өздөрү айтып жүрүшпөйбү. Темир Сариев өкмөттү башкарып турган кезинде Ош шаарында Өкмөттүн жыйынын өткөрүп, министр, комитет башчыларын баарын алып барып “Иштешти Ош шаарынын жетекчилигинен үйрөнгүлө. Силерге үлгү болсун деп атайын жыйынды Ош шаарында өткөрүп жатам” деп Кадырбаевдин иштеген ишине баа берген. Иштин көзүн билген киши кайсыл жерде болбосун ишти алып кете алат. Кадырбаев өнөр жай, энергетика, жер казынасын пайдалануу комитетинде дагы иштин майын чыгарып иштеп кетеринде шек жок.

Булак: “Жаңы Ордо” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: