Menu

Президенттин айткан сөзү ишке аша баштады

Бөлүшүү:

Өткөн жумада айтылуу «Кара-Суу» базарынын чыныгы ээлери 14 жылдан бери издеп келе жаткан адилет чечимди Жогорку сот чыгарды. “Кыргыз соода биримдиги” ЖЧКсынын ээси Анарбай Эргешов: “Кыргыз соода биримдиги” жоопкерчилиги чектелген коому ак эмгеги, ак мээнети менен тапкан каражатка сатып алган “Кара-Суу” базарды ошол кездеги бийлик көз көрүнөө эле бейтааныш адамдарга мыйзамсыз тартып берип койгон. Өз менчигибизди 14 жылдан бери кайтарып ала албай жабыркап, акыйкат издеп ушул күнгө чейин соттошуп келдик. Мына соттордун акыйкаттуулугу орноп, ак мээнет, маңдай тер менен тапкан дүнүйө-мүлкүбүздү арам колдордун тартып алуусунан соттор коргоп берди. Сот адилеттүүлүгү чындап коомдо орной баштаганына кубанып олтурабыз. Бийликтин үстөмдүгү эмес, мыйзамдын үстөмдүгү орнойт деген президенттин сөздөрү иш жүзүнө аша баштады”- деп жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирген. 2008-жылдын 27-февралында Жогорку Соттун соттук коллегиясы бир күндүн ичинде арызды өндүрүшкө алып, ишти карап, “Кара-Суу базары” ЖЧКсынын баардык мүлктөрү “Кара-Суу эл базары ЖЧКсына” өткөрүлүп берилсин” деп мыйзамсыз токтом кабыл алып беришкен. Президенттин сотторго Кудайдан корккула, акыйкаттуулук орношу керек деп эскертүү иретинде айткан сөзү иш жүзүнө аша баштаганына ушул окуя мисал болуп берди.

Булак: “Жаңы Ордо” 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: