Menu

Жогорку Кеңештин депутаты А. Самигуллина Жалал-Абаддык акушер-гинекологдорго сыйлыктарды тапшырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-январда Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгүнүн кичи жыйындар залында КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Альфия Самигуллинанын катышуусунда областтын аймагында үзүрлүү иштеп жатышкан акушер-гинекологдор менен жолугушуусу болуп өттү деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Иштиктүү маанайда өткөн жолугушууну  өкүл Кыянбек Сатыбалиев  алып барды.

– КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Альфия Самигуллина баштаган республикалык дарыгерлер областыбыздын аймагында энелер менен ымыркайлардын ден соолугун коргоо жаатында бир катар жылдардан бери жеринде жаринде энелер менен ымыркайлардын ден соолугун коргоодо практикалык саамалыктуу иштерди аркалап келе жатышкандыктарын терең ыраазы болуу менен белгилеп кетким келет. КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Альфия Самигуллина депутат катары ишинин 90 пайызын калкыбыздын ден соолугун коргоо жаатына жумшап келаткандыгын айта кетмекчимин. Эки тараптуу өз ара практикалык кызматташуунун натыйжасында областыбыздын аймагында энелер менен ымыркайлардын өлүмү өткөн жылы кыйла азайды. Мен областыбыздын көп улуттуу элинин атынан КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Альфия Самигуллинага, адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун  адистери менен дарыгерлерине терең ыраазычылык билдирип, алардын ишине чын дилимден ийгилик каалаймын. Мен өзүмдүн ишимдин приоритеттүү багыты катары саламаттыкты сактоо менен билим берүү тармагы экендигин белгилеп кетким келет. Сиздердин ишиңиздер абдан оор, эмгек маянаңар аз жана медициналык жабдуулар менен аппараттар жетишпейт. Ошого карабастан элибиздин ден соолугун коргоодо жигердүү иштеп келе жатасыздар,- деди өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.

– Эң алгач мен ушул жерде олтурушкан акушер-гинекологдорду областта энелер менен ымыркайлардын өлүмүнүн азайгандыгы үчүн Сиздерге терең ыраазычылык билдирип кетемин. Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы  «Энелер менен ымыркайлардын өлүмүн азайтууну» негизги багыттарынын бири катары койгон. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен республика боюнча бир гана Жалал-Абад областында энелер менен ымыркайлардын өлүмү кескин азайган. Мунун өзү сиздердин үзүрлүү иш-аракетириздердин аракети астында болгондугун канааттануу менен белгилеп, сиздердин ишириздерге чын дилимден ийгилик каалаймын. Биздин бүгүнкү жолугушуубуздун башкы максатынын бири алдыңкы акушер-гинекологдорго сыйлыктарды тапшыруу болот,- деди КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Альфия Самигуллина.

КРнын Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясынын депутаты Альфия Самигуллина Ноокен райондук аймактык ооруканасынын акушер-гинекологу Асел Бекнусуповага, Базар-Коргон райондук аймактык ооруканасынын акушер-гинекологу Жамила Токтосуновага, областтык төрөт үйүнүн кичи медайымы Таалайгүл Алымкуловага, областтык төрөт үйүнүн реанимация бөлүмүнүн башчысы Санжар Арзыбаевге, областтык төрөт үйүнүн неонатолог – ымыркайлар бөлүмүнүн дарыгери Дилбар Бекенбаевага жана областтык төрөт үйүнүн акушеркасы Рано Мамажановага КРнын Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясынын « Алкыш» каттары менен акчалай сыйлыктарын тапшырды. Ал эми областтык төрөт үйүнүн башчысы Элмира Төрөгелдиевага компьютер сыйлык катары тапшырылды.

Өкүл Кыянбек Сатыбалдиев адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун реаниматолог дарыгери Элеонора Исаевага жана  областтык төрөт үйүнүн ымыркайлардын патологиясы бөлүмүнүн башчысы Ызабекова Рахатка КРнын Өкмөтүнүн Жаклал-Абад областындагы өкүлчүлүгүнүн Ардак Грамотасын, ал эми адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун реаниматолог дарыгери Бахтиёр Ходжахуновго жана областтык төрөт үйүнүн дарыгери Маржан Султановага Жалал-Абад шаардык мэриясынын Ардак Грамоталарын тапшырды.

Жалал-Абад областы боюнча 2015-жылы 14 эненин өлүмү катталган болсо, 2016-жылы 7 эненин өлүмү катталып, бул көрсөткүч 50 пайызга азайган.

     Жолдошбай Осмонов, журналист. Жалал-Абад шаары

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: