Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Казакстан Республикасынын парламентинин Сенатынын Төрагасы Касым Жоомарт Токаевди коңшу өлкөнүн мамлекеттик майрамы – Борбор шаар күнү менен куттуктады.
Куттуктоо телеграммасында мындай деп айтылат:
“Сизди Казакстан Республикасынын мамлекеттик майрамы – Борбор шаар күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Астана дүйнөдөгү бирден-бир заманбап жана кооз мегаполис гана болбостон, казак элинин сыймыгы, көз карандысыздыгынын жана туруктуу экономикалык өнүгүшүнүн символу катары эл аралык маанилүү шаарга айланды.
Мындан ары да Казакстандын жана борбор калаасынын гүлдөп өнүгүшүн, эл аралык деңгээлде аброюнун чыңдалышын үмүт кылам.
Айрыкча кыргыз-казак парламенттер аралык кызматташтыгынын өнүгүшү эки өлкөнүн өз ара байланыштарын арттырат деген ишеничтемин.
Учурдан пайдаланып, Сизге бекем ден-соолук, мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди каалайм! Ал эми боордош Казакстан элине тынчтык жана бакубатчылык тилейм!”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ