Өткөн жумада Курманбек Бакиевдин пресс-кызматында иштеген, Алмаз Атамбаевдин президенттик аппаратынын жетекчисине чейин көтөрүлгөн Алмаз Усеновдун шаарыбыздын чок ортосундагы 5 жылдыздуу “Хаят” мейманканасынан акыркы моделдеги “Тойота Лендкрузер” джип машинасын айдап чыгып баратканын көрдүк.
Өмүр бою мамлекеттик кызматтын айлыгына иштеп келаткан Алмаз Усенов кайсы акчасына андай баасы 100 миң доллардан ашык кымбат машина алды экен? Эмне үчүн бийлик муну текшербейт?
Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү жакын туугандарына жасалма фирмаларды каттатып, мамлекеттик бюджеттен ири суммаларды котортуп, жасалбаган ишти жасалды деп акт түзүп, жеп жүрүшкөнү ачыкка чыкпады беле? Алмаз Усенов алардын арасында жокпу?
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ