Menu

Тажикстанда жалган прокурорлор кармалды

Бөлүшүү:

Тажикстанда өздөрүн прокуратура кызматкери деп тааныштырып, мекемеге жумушка орноштурам же кылмыш жоопкерчилигинен кутултам деп адамдардан пара алып келген жарандар кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.

«Өздөрүн прокурор же прокурдун «адамдары» деп тааныштырып элди алдап жүргөн бул жарандардын көбү буга чейин соттолгондор. Алардын баары кармалды», — деп айтылат көзөмөл органдын билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, кармалгандардын бири Шерали Умаров мурда Кылмыш кодексинин алдамчылык, документтерди жасалмалоо өңдүү 9 беренеси менен айыпталап соттолгон. Бул жолкусунда ал бейбаштыкка шектелип кармалган Ойбек Шералиев аттуу адамды жоопкерчиликтен кутултам деп, андан 30 миң сомони (3,3 миң доллар) алган.

Хуршед Абдураззоков деген адвокат болсо Вахдат шаардык прокуратурасындагы байланыштарына мактанып, жактоого алган адамдан пара алган.

Андан тышкары өздөрүн прокурордун адамдары экенин айтып, Башкы прокуратурага жумушка орноштуруу убадасы менен адамдардан акча алып келишкен. Алардын бири Абдурасул Абдуллоев Башкы прокуратурага кызматка орноштурам деп жергиликтүү тургундардын биринен 3 миң доллар өлчөмүндө пара алган. Бул окуя былтыр болуп, айыпталуучунун күнөөсү сотто далилденген. Учурда ал өлкөдөгү түрмөлөрдүн биринде беш жылдык жаза мөөнөтүп өтөп жатат.

Башкы прокуратура кызматкерлеринин бири жабырлануучулар аягына чейин алдамчылыктын курмандыгы болуп калганына ишенбегендиктерин билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: