Menu

Султан Жумагулов, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри: “Дүйшөке басса-турса, ооруса да театр, кино деп жашаар эле…”

Бөлүшүү:

Кыргыз маданияты чоң жоготууга учурады. Кадимки Аселдин Ильясы КР Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов 69 жашында дүйнө салды.

– Жалпы кыргыз журтчулугуна Кыргыз Өкмөтүнүн атынан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Өтө оор жоготуу болду. азыр 69 деген жаш эмне деген жаш? агабыздын кыргыз искусствосуна бере турган нерсеси көп болчу. Кандай айтсак жарашат. Мен эки эле нерсесин айтайын. Жаз алды менен учурашып коелу деп Өкмөттөн бир аз жардам алып үйүнө барып сүйлөшүп отурдук. Ушунчалык чери жазылды. Ошондо оорусу тууралуу бир да сөз айтпайт. “Ушунча болду театрды оңдогулачы, театрды ремонт кылып бергилечи, жаштарды тарткылачы” – деп жалаң театр жөнүндө сүйлөп жатат да. Башка болсо арманын айтып биягым ооруйт, тиягым ооруйт демек. Ошондо бул киши искусство менен жашаарын билдим. Басса-турса, ооруса да театр, кино деп жашаарына бекем ынандым. Экинчиден Ильяз деген образ буд башкаларды билбейм, биздин муундун жүрөгүндө калып калды. Ошол жылдары кыргыздын кереметинин, кыргыз киносундагы чоң бир өзгөрүүлөрдүн бурулуштун мезгили болгон. Дал ушул бурулуштун башында турган киши болгон. Ал образдан мурда өзүнүн эле кайталангыс образы бар эле. Башкы каарманды ойнойбу же экинчи даражадагы каарманды ойнойбу шак эле бу кишинин өңү баарыбызга жат болуп калат эле. Ушунчалык жупуну, кыргыздын жылдыздуу жигитинин образы баарыбыздын жүрөгүбүздө калып калды. Баары бир бул кишинин театрда, кыргыз искусствосунда кайталангыс орду бар. Дүйшөке жөнүндө айта берсек көп сөз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Булак: “Фабула” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: