Menu

Тажикстанда ишкер аялдын өлүмүнө анын тууганы шектелүүдө

Бөлүшүү:

Тажикстанда ишкер Мавжигул Халимованын өлүмүнө шектелип анын тууганы кармалды. Бул тууралуу 30-январда Хатлон облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Искандар Солехзода билдирди.

Анын айтымында, кылмышка Мавжигул Халимованын 40 жаштагы аталаш тууганы Жамшед Халимов шектелүүдө. Ишкер айымдын өлүмү фактысы боюнча адам өлтүрүү жана каракчылык беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Облус борборундагы эки базарда кургатылган жемиштерди саткан соода жайларга ээлик кылган 36 жаштагы Мавжигул Халимованы быйыл 6-январда өлтүрүп кетишкен. «Ал күнү Мавжигул соода жайларындагы түшкөн акчаларды жыйнап кетмек. Муну жакшы билген Жамшед Халимов аны тоноого ниеттенип, кечинде караңгы көчөдөн бычак менен кол салган. Бирок Мавжигулдун жанында болгону 400 сомони (35 доллар) болгон», – деди Искандар Солехзода.

Маалыматка караганда, буга чейин Жамшед Халимов менен Мажигул Халимова кургатылган жемиштерди Согди облусунан бирге алып келип сатышкан, бирок Жамшеддин уурулугу билинип калып, алар иштешпей калышкан.

Бул Тажикстанда акыркы жылдары талап-тоноо максатында адам өлтүрүлгөн алгачкы учур эмес. Өткөн жылы күзүндө белгисиз адамдар тоноо максатында үйгө кирип, жубайларды өлтүрүп кетишкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 81 = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: