Menu

Күйүп кеткен май куючу жай да Шадиевдики экен

Бөлүшүү:

Өткөн жумада, 4-июль күнү болжол менен саат 20:30да Лейлек районундагы Тажикстан менен чектеш аймакка жакын жайгашкан станцялардын биринде өрт чыккан болчу. Эки өлкөнүн өрт өчүрүүчүлөрү тилсиз жоону таңкы саат алтыга чейин араң өчүрүшкөн. Май куючу станция толугу менен күйүп кеткен. Мындан тышкары 4 фура, 2 газ ташуучу автоунаа, 2 спринтер, 1 жеңил машине да өрттөнүп кетти. Жалпысынан алты адам жаракат алып, алардын төртөөсү Тажикстандын, экөосү Кыргызстандын жарандары болуп саналат. Алдын ала маалымат боюнча, өрт кошуна мамлекеттин жараны автомашинасына газ суюктугун атайын жайда эмес, жол боюнда куюп алып жатканда чыккан. Ал эми жергиликтүү элдин айтуусунда, Кыргызстан менен Тажикстандын шарттуу түрдө чек арасы деп аталган чоң трассанын бери жагында каз катар тизилген май куючу жайлар негизинен Тажикстанга бензин, дизел жана газ суюктугун аткезчилик жол менен ташуу үчүн курулган. Бул жерде күн сайын жүздөгөн 30-40 тонналык май ташуучу машиналар келип-кетип, миллиондогон сомдор мыйзамсыз айланат. Кыскасы, Россиядан Кыргызстанга пошлинасы жок (Россиянын өзүнөн да арзан баада) ташылган күйүүчү майлар Бишкекке поезд менен ташылып, андан ары Бишкек-Ош жолу аркылуу ошол фуралар менен Лейлек районунун ушул Арка, Жаштык айылдарына ташылат. Аткезчилик болгону, Тажикстан ЕАЭБге мүчө эмес жана эч кандай салык алынбайт. Кечээ Лейлек РИИБи ушул өрт чыккан окуяга байланыштуу азыр АКШда качып жүргөн экс-депутат А.Шадиевге карата кылмыш ишин козгоду. Анткени өрт чыккан кампа ага тиешелүү экен. Бирок бир тууган карындашы Айсана Шадиева иштетип аткан.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: