Menu

Аккан достор – Арслан Сартпаев менен Нургазы Анаркулов, башты айлантпагылачы, бай болгурлар?

Бөлүшүү:

Апендидей болуп бирөөлөрдү мактаган басылмалар толуп кетти. Каерден “кызыл” көрүнсө жулуп алмайды куп өздөштүргөн Аслан Сартпаев өзүнүн гезитине кээде болбогон имиштерди жазып, тимеле чындай койгулаштырып жиберет. Ошол кишинин башкы каармандары да өтө уникалдуу адамдар. Илгери Элмурза Сатыбалдиевди эле “сулуу периштедей” мактай берчи. Эмнеге, и — ​ии туура таптыңар так ошол “нерсеси” үчүн далысынан таптап турчу да. Кийин Азиз Турсунбаевди, Рустам Мамановду, учурда Раим Матраимов менен Туйгунаалы Абдраимовду апендиден да өткөрө оозунан түшүрбөй калды. А бирок, ашыра мактаганынын эсеси чыгып кетип жатпайбы, иттики десе…

Азыр бириси- Суусамырда кымыз ичпей эле качып жүрөт деген кепке алынды. Экинчиси катуу мактап жибергени үчүн тоодон ылдый карай жылмышып түшүп келатат. Тимеле Робин Гуттай кылып мактаган кишисинин деңгээли төмөн болсо кантип өргө чыгат эле? Муштум менен акылдын айрымасын билүүгө анчалык мээнин кереги тийбейт. Баса, Акматбек Келдибеков менен Иманкадыр Рысалиев экөө Асланбайды сот аркылуу жарга такайбыз деп жатышканын мурдагы аккан досу Нургазы Анаркуловдун “Майданы” кечээ күнү калкка сүйүнчүлөдү. Көрсө достук деген шайлоо мезгилинде агыл-төгүл болгондо гана жаралат экен. Анын үстүнө кожоюнуна каршы тыраңдаса чымдай кылып басып коет. Араң оокат кылып жүргөндө бөйрөктөн шыйрак чыгарууга бармак беле? Баса, булардын президентке айтаар сунушу көп окшойт. Асакең Туй акесин мыкты кеңешчи катары пиарласа, Нукең камакта жаткан Бекболот Талгарбековду жаныңызга алып алсаңыз тоого оңой эле чыгасыз деп энтелеңдептир. Акаевди, элди аңга тыгып, “прихватизацияга” жол ачкан эргулду түрмөдөн ким чыгарат? Кызык, кимди кеңешчи, кайсынысын жардамчы кыларын ажо силерден сурамак беле? Анын силерден да жакын кеңешчи, таңашчылары бар ондоп саналган. Тизгинди кагып салчу пресс-катчысы силердин “көлөкөңөрдөн” коркуп кетпейт. Пиарды жасоонун да өз жолу болорун көкүрөгүңөрдөн чыгарбасаңар майнаптуу болмок. Кыскасы башты көп айландыра бербегилечи, бай болгурлар?

К. Жолтабаров

Булак: “Ачык сөз” 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: