Menu

Кундуз Жолдубаева, КСДПнын пресс-катчысы: «Бийликке жагыныш үчүн Атамбаевди эмес, тууган энесин сатып жибергенге даяр адамдар бар»

Бөлүшүү:

“Маскарапоздордун” айтканына түшүндүрмө бербей деле койсок болмок. Тилекке каршы, бийликке жагыныш үчүн Атамбаевди эмес, тууган энесин да сатып жибергенге даяр адамдар бар. КСДПга деле кызмат жана бийлик үчүн башка партиялардан келгендерди билебиз. Ошол эле Сагынбек Абдрахманов “Ар-Намыстан” келген, бирок КСДПнын атынан, Атамбаевдин колдоосу менен ЖКнын депутаты, губернатор жана “Кыргызалтындын” башчысынын орун басары болгон. Тилекке каршы, Москва районунда да КСДПнын азыркы, мурдакы мүчөлөрүнүн арасында ушундай адамдардын бир нече “нускасы” бар. Кыязы, аларга бирдемени убада кылышкан окшойт, ошондуктан аны актоого абдан аракеттенишүүдө.

Москва районунда болуп өткөн чогулушта КСДПнын араң эле 15 тей мүчөсү болгон. Эл көбүрөөк келди демиш болуп, дагы 50–60 адамды чогулта коюшкан. Эмнеге чогулганын көптөр билген да эмес.

А. Ш. Атамбаев КСДПда партияга бийлик жана мансап үчүн келгендерден тазалануу процесси жүрүп жатканын бир нече жолу айткан эле. Акыркы жылдарда партияда мындай “уйгактар” толуп кеткен. Эми алар Сагынбек Абдрахмановдун артынан ээрчип, КСДПдан биротоло чыгып кетишсе, буга кубанып гана калар элек.

КСДПда учурда жүрүп жаткан тазалануу процесси биринчи жолу байкалып отурган жок. 90-жылдардын этегинде Акаевдик мамлекеттик машина А. Ш. Атамбаевди тебелеп салганга аракет кылган, ошондо да акимдер менен губернаторлор партиядан тобу менен качышкан эле. Бакиевдердин заманында болсо айрым чагымчылдар, алардын ичинде партиянын да мүчөлөрү бар, КСДПны олку-солку кылуу максатында “ашкерелеген” маалымат жыйындарын өткөрүшкөн.

Москва районунда КСДПнын эң аз сандагы аймактык партиялык уюму бар экенин белгилей кетүү керек. Кыргызстанда катарында миңдеген партия мүчөлөрү бар райондор болсо да, бул жерде болгону 80 адамдын партиялык билети бар.

Эки күн мурда Ак-Суу айылында өткөн чогулуш конференциянын статусуна ээ эмес, анткени КСДПнын Уставынын негизги жана аймактык партиялык уюмдар жөнүндөгү Жобонун талаптары сакталган жок.Буга чейин кабарлангандай, райондук конференцияны өткөрүү, эгерде ал же райондук координатордун демилгеси боюнча, же партиянын жогору турган органы тарабынан чакырылганда гана легитимдүү болуп эсептелет. Райондук партиялык конференцияларды даярдоо КСДПнын катчылыгы менен өз ара аракетте жүргүзүлүүгө тийиш. Мындай иш бир да райондо жүргүзүлгөн эмес. КСДПнын областтык координаторлорунун институту бир нече жыл мурда жоюлуп кеткен, ошондуктан областтык партконференцияларды борбордук органдардын — ​төраганын жана саясий кеңештин чечими менен гана өткөрүүгө мүмкүн. Уставка ылайык, ар кандай башка иш-чаралар конференция болуп аталбайт жана партиянын айрым мүчөлөрүнүн чогулушунун гана статусуна ээ болот. КСДПнын эч кандай кезексиз съездин өткөрүү каралбаганы да анык.

Редакциядан: Ошентип пландалган “рейдерлик” иштерин С. Абдрахмановдун азгантай тобу баштап жиберди. “Разминкасын” алгач Москва районунан жөнгө салганы да бекерден эмес. Анткени ал аймакта КСДПчылардын саны аз. А бирок, керт башынын кызыкчылыгы үчүн ар кандай “секиртмеден” жанын оозуна тиштеп өтүүгө даяр болгондор жок эмес. Кара күчкө салып саясий оюнду уюштурууга эмнеге умтулуп жатышканы деле маалым. Ушинтип лидери бар партияларга тиш сала беришсе туруктуу абалга доо кетпес бекен деген суроо жаралбай койбойт.

Булак: “Ачык сөз” 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: