Израиль премьер-министри Биньямин Нетаньяху Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуу учурунда эгер иран аскерлери Сириядан чыгып кетсе, Израиль Башар Асаддын бийликте калышына каршы чыкпай турганын айтты.
Бул тууралуу Reuters агенттиги Израилдин атын атагысы келбеген жогорку кызматтагы өкүлүнө шилтеме жасоо менен билдирди. Анын айтымында, Нетаньяху Путинге: “Биз Асаддын режимине каршы иш кылбайбыз, сиз болсо ирандыктарды кетирүүгө жардам бересиз” деген. Бул маалымат расмий түрдө такталган жок.
Кремль сайтында Нетаньяху Израиль үчүн Сирияда Иран аскерлеринин жайгашуусу жөнүндөгү маселе маанилүү экенин айтканы жазылган.
Израиль акыркы айларда Сириядагы иран аскерлери жайгашкан объектилерге бир нече жолу сокку урган. Жоготуулар болгону кабарланган.
Айрым ММКлар АКШ менен Орусия президенттери Хельсинкидеги жолугушууда Сириядагы Ирандын аракеттерин талкуулай турганын кабарлашууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ