Ош областынын жана Ош шаардык мэриясынын жетекчилерин дайындоо саясатка жана интригага айланды. Шаардык мэрияга Таалай Сарыбашевди көрсөтүп жатышса, анын бош калган ордуна, Ош областтык жетекчилигине Матраимов Тилекти көрсөтүшкөнүн укканбыз. Бирок коомчулуктун, Матраимовдорго карата терс пикирлерин эске алуу менен, С.Жээнбеков өзүнүн Оштон ала келген жардамчысы Эрнис Толтоевди дайындоону пландаштырып жатканын уктук. Кандай болгон күндө да элди дүрбөтпөй, саясатка айландырбай жетекчилерди тез арада дайындоо керек. Бир областын башчысын дайындай албаган бийликти эмне десек болот? Кадр маселесинде таптакыр эле карайлап калышканбы?
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ