Menu

Жогорку Кеӊештин депутаттар тобу жумушчу иш сапар менен Люксембург жана Белгия өлкөлөрүндө болду

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин башчысы Исхак Пирматов жетектеген парламенттик делегация жумушчу иш сапар менен Люксембург Улуу Герцогчулугунда жана Бельгия Королдугунда болушту. Делегациянын курамына депутаттар Каныбек Иманалиев, Динара Исаева, Бахадыр Сулейманов бар. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетчү нерсе, Жогорку Кеӊештин делегациясы эки өлкөнүн ортосунда кызматташтык мамилелер түзүлгөн чейрек кылым аралыгында Люксембургга алгачкы ирет катташып отурат. Делегация адегенде Люксембург парламентинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Марк Анхел менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык алакаларды арттыруу, анын ичинде парламенттер аралык байланыштарды бекемдөө жаатында пикир алышты.

Делегация башчысы Исхак Пирматов Кыргызстандын жетекчилиги өлкөдө демократия салттарын калыптандыруу жаатында баардык аракеттерин жасай турганын, Люксембург менен өнөктөш өлкө катары мамлекеттин укуктук негиздерин бекемдөө, адам укуктары менен эркиндиктеринин корголушун жакшыртуу, сот тутумун реформалоо, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү багытында биргелешип иштешүүгө даяр экенин айтты. Ал парламенттер аралык байланыштарды чыӊдоо максатында, Кыргызстанга иш сапар менен келүүгө чакырды.

Ошондой эле, кыргыз парламентинин делегациясы иш сапар алкагында Фландрия Парламентинин Президенти Ж.Пуманс жана Бельгия Парламентинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөлөрү менен жолугушуп, саясий, парламенттер аралык, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыӊдоо жаатында пикир алышты.

Делегация мүчөлөрү Европа Бирлигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү П.Буриан менен жолугушканда, депутат Исхак Пирматов Кыргызстанда жүрүп жаткан демократиялык кайра курумдарга ырааттуу колдоо көрсөтүп келатканы үчүн Европа Бирлигине ыраазычылык билдирди. Тараптар азыркы замандын талаптарын эске алуу менен, өлкөнүн ченемдик укук базасын өркүндөтүү, Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы өнөктөштүк жөнүндө келишимге кол коюу жол-жоболорун тездетүү маселелерин талкуулады.

Иш сапар соӊунда Жогорку Кеӊештин делегациясы Бельгиянын Тышкы иштер министрлигинин жана НАТОнун расмий өкүлдөрү, Европарламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин Катчылыгынын мүчөлөрү, Бельгиянын Королдук аскерий академиясынын Башкы штабынын жетекчилиги менен да жолугушту.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: