Ашхабаддын “протоколдук” көчөлөрүндө жаан үчүн арыктар салынып жаткандыктан, суулар өчүрүлүп жатат. Нөшөрдөн улам май айында түркмөн борборун суу каптап, биртоп убарага салган болчу.
Курулуш иштерине байланыштуу Ашхабаддын айрым райондорунда таза суу маселеси чечиле элек. Учурда сууну үйлөргө күндүз беришип, түнкүсүн өчүрүшүүдө.
“Буга байланыштуу алар убактылуу суу түүктөрүн орнотушту. Кезектеги тилкени оңдоо үчүн ар түнү сууну өчүрүшөт. Учурда сел каптоо коркунучу бар көчөлөрдүн арыктарын жасап жатышат”, – деди “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы.
Жергиликтүү жашоочулардын билдиришинче, суу өчүрүлө баштагандан бери анын сапаты кескин төмөндөп, киргилт жана туз аралаш келүүдө.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ