Menu

Видео – Өзбек-тажик чек арасы миналардан тазаланат

Бөлүшүү:

Өзбекстан менен Тажикстандын өкмөттөрү 2019-жылдын соңуна чейин эки өлкө чек арасын миналардан тазалоо иштерин аяктоо тууралуу макулдашты.

Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашкандай, бул тууралуу Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Тажикстанга болгон сапары маалында кол коюлган достук жана ынак коңшулук тууралуу биргелешкен билдирүүдө жазылган.

Чек арадагы тоолуу аймактарга мина коюу иштери 1999-жылы “Өзбекстан ислам кыймылы” экстремисттик тобунун согушкерлери Өзбекстандын Сурхандарья облусуна өтүүгө аракет кылган маалда коюла баштаган.

Мина маселелери боюнча тажик улуттук борборунун маалыматы боюнча, 1999-жылдан 2011-жылга чейин чек арадагы миналардын жарылуусунан 160тан ашык киши жабыркап, 76сы өлгөн. Алардын 15и балдар жана бешөө аялдар болушкан.

https://www.youtube.com/watch?v=ZlSpnr0Jt6g&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: