Тажик ишкерлери жылдык кирешелеринин бештен бир бөлүгүн же 20%жашырып, салык төлөшпөйт. Мындай жыйынтыктар Эл аралк каржы корпорациясынын (IFC) иликтөөсүнөн кийин чыгарылды.
Баяндаманын авторлору ишкерлер салык базасын кыскартуу жолдорун издешет. Эң кеңири колдонулган ыкмалардын бири – документте жумушчулардын айлык акысын аз көрсөтүү болуп эсептелет. Көптөгөн уюмдар маяналарды “конверт” менен беришет.
Экинчиден, аз салык төлөө үчүн ишкерлер отчетторунда чыныгы киришелеринин суммасын жашырып коюшат.
Өз кезегинде тажик ишкерлери дайыма текшерүүлөр болорун, айыппул төлөп турушарын айтып даттанышууда. Расмий маалыматтар боюнча 2017-жылы 28 миңден ашуун жеке ишкер ишмердүүлүгүн токтоткон.
IFC иликтөөчүлөрү өлкөдөгү оор экономикалык кырдаал ишкерлерди салык төлөөдөн качууга мажбурлап жатканын белгилешет. Сурамжылоого катышкандардын 31% салык кызматкерлери менен “сүйлөшүп” мамлекетке аз акча төгүшөрүн билдиришкен.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ